Осмоналиев: Кыргыз тили эне тил катары алдыңкы орунда болушу керек
RU

Осмоналиев: Кыргыз тили эне тил катары алдыңкы орунда болушу керек

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз тили эне тили катары эң алдыңкы орунда болушу керек, ал эми расмий тил - орус тили анын жандоочусу, партнеру катары жанаша жүрүшү керек. Бул тууралуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты улуттук комиссиясынын төрагасы Каныбек Осмоналиев маалымат жыйын учурунда билдирди.

Төрага, бирок мамлекеттик жана расмий тилдерди баа-баркын түшүрүп, кемсинткен саясат болбошу керектигин баса белгиледи.

"Кыргыз тили эне тили катары эң алдыңкы орунда болушу керек, ал эми орус тили анын жандоочусу катары, партнеру катары жанаша жүрүшү керек. Бирок эки тилди бири-биринен кемсинткен, басмырланткан саясат эч убакта болбошу керек. Бул саясатыбызды улантууга дилгир болуп турабыз", - деди Осмоналиев.

Улуттук тил комиссиясынын төрагасы Каныбек Осмоналиев Кыргызстан сыяктуу орус тилине толеранттуу жана демократия менен мамиле кылган бир да мамлекетти кезиктире электигин айтып, мыйзамда расмий тил катары орус тили колдонулат деп так жазылып турганын кошумчалады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13679