Кыздарынын көз алдында жанын кыйган келиндин окуясы боюнча министрликтин билдирүүсү
RU

Кыздарынын көз алдында жанын кыйган келиндин окуясы боюнча министрликтин билдирүүсү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Казакстанда кичинекей кыздарынын көз алдында суицид жасаган кыргызстандык келиндин окуясы боюнча Тышкы иштер министрлиги билдирүү жасады. Анда маркумдун жакындарына Кыргыз Республикасынын Алматы шаарындагы Башкы консулдук тарабынан тиешелүү консулдук-укуктук жана консультативдик жардам көрсөтүлгөнү айтылат.

Казакстандын мамлекеттик органдары жана кыргыз диаспоралык биримдиктери менен биргеликте Б.кызы А`нын сөөгүн кичи мекенине (Кыргызстанга) чыгарып кетүүгө көмөк көрсөтүлгөн.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, Казакстандын Ички иштер министрлигинин жетекчилигинин өзгөчө көзөмөлүндө турат.

Белгилесек, 20-июлда Алматынын Мамыр конушунда 29 жаштагы Б.кызы А. Казакстан Республикасынын жараны (Ош облусунда туулган) кичинекей кыздарынын көз алдында өз жанын кыйганы маалымдалган. Маркум зомбулукка кабылганын жакындары айтышкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13684