Оштогу айланма жолдун сапаты текшерилип, 2,5 млн сомдон ашык зыян келтирилгени аныкталды
RU

Оштогу айланма жолдун сапаты текшерилип, 2,5 млн сомдон ашык зыян келтирилгени аныкталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жолдун сапатсыз курулушу боюнча №21 жол тейлөө ишканасынын башкы инженери кармалды. Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, кызматкерге 3 берене менен кылмыш иши козголду.

Белгилүү болгондой, Транспорттук прокуратура жана Ош облустук прокуратурасынын жумушчу тобу тарабынан Ош шаарынын түндүк тарабынан айланып өтүүчү мамлекеттик маанидеги Ош айланма жолунун 12-17 чакырымында ("Т-түрүндөгү" кесилиштен тартып Ош-Кара-Суу автожолуна чейин) асфальт-бетон төшөөнүн сапатына, ишти аткарууда мыйзамдардын сакталышына текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүүдө "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынын №21 жол тейлөө ишкананын, Жол чарба департаментинин №5 регионалдык бөлүмүнүн жана "В.С.Л." ЖЧКнын кызмат адамдары тарабынан 2021-жылы жана 2023-жылы аткарылган иштерди кабыл алуу актыларына иш жүзүндө төшөлбөгөн асфальт-бетонду, ошондой эле аткарылбаган иштерди жогорулатылган баада киргизишкендиги аныкталган. Жол иштери сапатсыз аткарылгандыктан айрым жол катмарлары деформацияланып кеткен.

Натыйжада мамлекетке жалпы 2 млн 683 миң 786 сом зыян келтирилген.

Аталган факты боюнча Ош облустук прокуратурасы тарабынан 337-берене ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу"), 210-берене ("Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу") жана 346-берене ("Кызматтык жасалмачылык") менен кылмыш иш козголду.

Тергөөнүн жүрүшүндө №21 жол тейлөө ишканасынын башкы инженери М.М. шектүү катары кармалып, убактылуу кармоо изоляторуна киргизилди. Учурда тергөө аракеттери улантылууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13690