Жаныбек Абиров Ленин округу боюнча шайлоого катышууга арыз берди
RU

Жаныбек Абиров Ленин округу боюнча шайлоого катышууга арыз берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мушташтын айынан мандатын тапшырган экс-депутаты Жаныбек Абиров Бишкек шаарындагы бир мандаттуу Ленин округундагы кайра шайлоого катышууга арыз тапшырды. Бул маалымат 28-июлда БШКнын сайтына жарыяланды.

Буга чейин БШКнын мүчөсү Абдыжапар Бекматов Абиров аталган округдагы кайра шайлоого катыша албасын айтса, БШКнын дагы бир мүчөсү Кайрат Маматов Kaktus.media сайтына Абировдун Ленин шайлоо округу боюнча КР ЖК депутаттыгына талапкерлигин көрсөтүүсүнө жана шайлоого катышуусуна эч кандай мыйзамдык чектөөлөрдү көрбөй турганын билдирген эле.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Жаныбек Абиров 24-июлда Фейсбукта түз эфирде жарандардын суроолоруна жооп берип жатып, кайрадан депутаттыкка аттанууну ойлоп жатканын айткан эле.

***

Жаныбек Абиров 2021-жылы, 28-ноябрда Ленин округунан депутат болуп шайланган. Ал мушташтан улам мандатын тапшырууга аргасыз болгон эле. Буга ылайык, президент 28-майга кайра шайлоону дайындаган. Аталган округ боюнча шайлоого эле 15 млн. сом сарпталган.

Ал эми 28-майда өткөн шайлоонун жыйынты менен биринчи-экинчи болуп чыккан талапкерлердин каттоолору жокко чыгарылып, эми кайра шайлоо 10-сентябрга белгиленди. Учурда Ленин оркугу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоо катышууга жалпы 10 адам арыз берди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13696