Абиров: "Өткөн каталарымдан сабак алдым. Элдин суранычы менен кайра шайлоого катышам"
RU

Абиров: "Өткөн каталарымдан сабак алдым. Элдин суранычы менен кайра шайлоого катышам"

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Экс-депутат Жаныбек Абиров бүгүн, 28-июлда Facebook баракчасы аркылуу коомчулукка кайрылып, мурунку кетирген каталарынын үстүнөн иштегенин айтты. Ал жарандардын суранычы менен кайра депутаттыкка аттанганын жазды.

"Сиздер мени жана менин командамды 2021-жылы өткөн шайлоодо колдоп, сиздер менен биргеликте районубузду өнүктүрүүнүн жана инфраструктурасын жакшыртуунун үстүнөн иштегенбиз. Акырындык менен шайлоо алдындагы программабызды жүзөгө ашырып келе жатканбыз. Бирок, тилекке каршы, белгилүү себептерге байланыштуу мандатымды тапшырууга туура келген эле. Жоопкерчиликтен качпай, ошол учурдагы туура чечимди кабыл алгам.

Андан бери кетирген каталарымдын үстүнөн иштедим, жасаган ишим үчүн өкүнүп турам. Чынын айтсам абдан ыңгайсыз абалда турам! Эгерде убакытты артка кайтаруу мүмкүн болсо, мындай окуяга жол бербей, эмоциямды да ооздуктап калат элем. Коомчулуктун уяткаруусунан сабак алдым.

Акыркы жумаларда жарандарыбыздан "парламентке кайрадан эл өкүлү болуп бар" деген көптөгөн сунуштарды алдым. Мен муну элдин талабы менен өтүнүчүн эч качан жоопсуз калтырбаган жалпы командабыздын ишинин натыйжасы деп билем. Ошол эле учурда Ленин районунун тургундары бир нече жолу чогулуш кылып, Жогорку Кеңешке кайтып барышымды суранганда мен чынында таң калып, ишене алган жокмун. Бул мени бир чети сүйүндүрсө, экинчи жагынан ойлондурду", - деди Абиров.

Көпкө ойлонуп, тарапташтарымдын колдоосуна көзүм жеткенден кийин депутаттыкка талапкерлигимди кайрадан коюуну чечтим. Мынчалык колдоо жана ишеним болбогондо, шайлоого катышууга батына алмак эмесмин.

Жаныбек Абиров өздүк баракчасында буга чейин Бишкек шаардык кеңешинин депутаты жана төрагасы болуп турганда командасы менен көп иштерди жасаганын жазган. Ал көйгөйлөрдү чечүү жолун билгенин айтып, эл токтоп калган ишти улантууну суранып жатса, алардын үнүн угушум керек деп эсептейт.

"Мен Жогорку Кеңешке кайтып барууга, депутат болгондо жигердүү баштаган шайлоо алдындагы программамды улантып, иш жүзүнө ашырууга даярмын. Бүгүнкү күнү алдыдагы шайлоого талапкерлигимди коём. Элибизде "Жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбойт" деп айтылгандай дагы бир жолу мүмкүнчүлүк берүүңүздөрдү өтүнөм", - деп сөзүн жыйынтыктаган мурунку эл өкүлү.

Эске салсак, бүгүн, 28-июлда БШК мурунку депутат Жаныбек Абиров Бишкек шаарынын Ленин округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоого катыша турганын маалымдады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13698