Витаминдер өнөкөт ооруларды айыктырбайт. Дарыгер сунушу жок витамин ичүүгө болбойт дейт
RU

Витаминдер өнөкөт ооруларды айыктырбайт. Дарыгер сунушу жок витамин ичүүгө болбойт дейт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Дарыгерден кеңеш" рубрикасынын кезектеги темасы витаминдерге арналды.

Мурунку макалалар менен төнөмдөгү ссылканы басып таанышсаңыз болот.

- Кайсыл витаминдердин зыяны жок? Онлайн маалымат менен эле витамин алып, иче берүү зыян эмеспи ден-соолукка?

- Дарыгерлер витамин деп айтып баштаса эле коомчулук ушул витаминдерди ичсем эле мен өнөкөт ооруларымдан арылып кетет экенмин деп ойлошот экен. Витаминдер мисалы: кан диабетин, кан басымын дарылабайт, себеби, ал оорулар өнөкөт оору болуп чыгып калды да.

Витаминдердин ролу бул биздин иммунитетибизди бир калыпта кармоо. Албетте, витамин ден-соолукка пайда, бирок эл ойлогон деңгээлде эмес. Анын эң башкы милдети организмдин абалын начарлатпоо.

Экинчиден, витаминдерди дарыгердин сунушунан кийин ичиш керек. Эмне үчүн дегенде, мисалы: боору ооруп жаткан адам дарыгердин көргөзмөсү жок витамин иче берсе, анын боорунун абалы дагы да начарлап кетет. Ошондуктан, эң биринчи анализдерди тапшырып, анан кийин гана дарыгердин көрсөтмөсү менен витамин ичүүгө болот.

Үчүнчүдөн, кайсыл витаминдерди ичсе болот? Профилактикалык негизде Витамин Д жана Омега 3тү ичсе болот. Бирок, анын өлчөмүн дагы анализдин жыйынтыгы менен дарыгерге көргөзүп туруп белгилетип алыш керек.

Мен өзүм жогорудагы витаминдерди ичип турам. Себеби, Д витамини бизге энергия берип, адамдын ден-соолугун бир калыпта алып жүрсө, Омега 3 биздин мээ, жүрөк системаларыбыздын жашкы иштешине жардамын берет.

- Сураганымдын себеби, азыр Кыргызстанга аптекадан көп неме жок. Ар бир жерде эле витаминдердин сатылып жатканын көрүүгө болот. Мындан улам, дарыгердин сунушу жок, мына эл ичип атат, ырчылар ичип жатат, блогерлер айтып жатышат деп эле ала беришет го витаминдин түрлөрүн.

- Ооба, витамин ичүүнү биздин коом модага айландырып алды. Ачык эле айтып кетейин, бул жерде маркетингдин залакасы бар. Маркетингдин аркасынан ар бир эле адам өзүн дарыгер эсептеп алган. Көбүнчө таанымал адамдар медициналык билими жок болуп туруп, барына эле жарнама кылып, сатып жатат. Мунун кесепети абдан жаман. Мен чет элдик изилдөөлөрдү окугам.

Витаминдерди контролсуз иче берсе бул боордун цирроз оорусуна алып келет.

"Бул абдан жаман. Цирроз - бул боордун кургап калышынын акыркы баскычы. Ошондуктан тажрыйбалуу, медициналык билими бар дарыгерлер менен кеңештип гана витамин ичүүгө чакырат элем.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13703