Эдил Байсалов Жогорку Кеңештин депутаттарынан кечирим сурады
RU

Эдил Байсалов Жогорку Кеңештин депутаттарынан кечирим сурады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Эдил Байсалов "Азаттыкка" берген маегинде Жогорку Кеңештин депутаттарынан кечирим сурады.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов эл шайлаган депутаттарды сыйлай турганын билдирди.

"Эгерде мен Жогорку Кеңешке же депутаттардын бирине катуу сөздөрдү айтып, аброюна шек келтирген болсом, анда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбековичтен кечирим сурайм", - деди Байсалов.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарынын айтымында, анын Жогорку Кеңеш тууралуу билдирүүсү бурмалангандыктан, депутаттар менен түшүнбөстүктөр жаралган. Депутаттардын аны кызматтан алуу талабына карата Байсалов мамлекет башчысы кандай чечим чыгарса, ошондой болорун айтты. Бирок, чиновник белгилегендей, тараптардын ортосундагы түшүнбөстүктөр буга чейин жоюлган.

Байсалов белгилегендей, парламентте депутаттар да министрлер кабинетинин өкүлдөрүнө орой мамиле жасап жатышат.

"Ооба, Европабы, АКШбы же Чыгыш Азия өлкөлөрү дейли, демократиянын принциптери бирдей. Кээде парламентте чектен чыгып кеткен учурлар болот. Социалдык тармактарда депутаттар отурган видеолор кызуу талкууга алынууда. Иинистирлерди жана алардын орун басарларын шылдыңдап орой мамиле кылынбашы керек. Мындай орой мамилени токтотуш керек. Бул биздин элдин маданиятына туура келбейт. Мындай орой мамилени парламентте эле эмес, көчөдө да кабыл алууга болбойт. Парламентте бири-бирибизди сыйлашыбыз керек", - деди Байсалов.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин июнь айындагы жыйындарынын биринде депутаттар менен Эдил Байсаловдун ортосунда пикир келишпестиктер жаралган.

Буга жооп катары Эдил Байсалов Жогорку Кеңешти цирк деп атаган

Кийинчерээк депутаттар спикерден Байсаловдун отставкасы боюнча маселени президент менен талкуулоону суранышты. 22-июнда депутат Шайлообек Атазов палатанын жыйынында Эдил Байсаловдун жүрүм-турумун кароону сунуштады. Андан соң спикер Нурлан Шакиев Байсалов боюнча президент жана министрлер кабинетинин төрагасы менен сүйлөшкөнүн билдирген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13707