Жаныбек Абировдун шайлоого катышуу тууралуу арызын БШКнын жумушчу тобу карап чыгат
RU

Жаныбек Абировдун шайлоого катышуу тууралуу арызын БШКнын жумушчу тобу карап чыгат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Строй Ленд" ЖЧКсынын директору Жаныбек Абиров Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоого катышуу ниети тууралуу арыз жазган. Борбордук шайлоо комисияссынын жумушчу тобу Абировдун арызын карап чыгат.

БШКдан белгилешкендей, арызды карап чыгуу жана мыйзамга ылайыктуулугун текшерүү үчүн документтерди кабыл алуу жумушчу топко берилди.

"Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча жумушчу топ өз сунуштарын БШКнын отурумуна киргизет", - деп айтылат маалыматта.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13710