Киши колдуу каза болгон УКМК кызматкеринин өлүмү боюнча милициянын маалыматы
RU

Киши колдуу каза болгон УКМК кызматкеринин өлүмү боюнча милициянын маалыматы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Киши колдуу каза болгон УКМК кызматкеринин өлүмүнүн чоо-жайы боюнча Бишкек ШИИББи маалымат берди.

Такталгандай, 28-июль күнү саат 21:40 чамасында Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө Жал кичи районунда "Тез жардам" кызматы келгенге чейин аял каза болгондугу тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине барган ыкчам топ 1983-жылы туулган Ш.М. аттуу аял каза болгонун аныкташкан. Текшерүү учурунда денесинен жаракаттар табылган.

Бул факты боюнча Бишкек шаарынын Ленин РИИБдин тергөө кызматы тарабынан "Адам өлтүрүү" беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Шектүү катары 1991-жылы туулган Р.Э. кармалып, тергөө кызматына өткөрүлдү. Териштирүү амалдары жүргүзүлүүдө.

Милициядан кылмышка шектүү мурда Ички иштер министрлигинде иштебегенин белгиледи.

Белгилесек, буга чейин Kaktus.media сайтына өздүк булактар шектүү ИИМдин кызматкери экенин айтышкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13711