Елена Калашникова СИЗОдон чыкты
RU

Елена Калашникова СИЗОдон чыкты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Елена Калашникова УКМКнын СИЗОсунан бошотулду. Ал 12 миллион сом зыяндын ордун толтурду дешти Бишкектин Биринчи Май райондук сотунан.

Белгиленгендей, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун 28-июлдагы чечими менен УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгынын тергөөчүсүнүн арызы канааттандырылды.

"Айыпталуучулар К.Е.А. жана В.А.Иге карата мурда тандалган баш коргоо чарасы 22-августка чейин үй камагына деп өзгөртүлдү. Тергөөчүнүн өтүнүчү боюнча айыпталуучу К.Е.А. 12 миллион сом, ал эми айыпталуучу В.А.Иден 1,5 миллион сом материалдык чыгым өндүрүлгөн. Буга байланыштуу тергөөчүнүн өтүнүчү канааттандырылган", - дешти соттон.

Эске салсак, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети RestPoint курулуш долбоорун ишке ашырууда фонддогу коррупция фактысы боюнча иш козгогон. Укук коргоо кызматкерлери компаниянын кеңсесинде жана Калашникованын үйүндө тинтүү жүргүзүшкөн.

Калашникова Kaktus.media сайтына берген маегинде ага каршы ким арыз жазышы мүмкүндүгүн айткан.

18-майда УКМК анын кармалганын билдирген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13719