Саркынды суу көлгө куюп жатат деген видео боюнча текшерүү жүргүзүлдү
RU

Саркынды суу көлгө куюп жатат деген видео боюнча текшерүү жүргүзүлдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Социалдык тармактарга 29-июлда Ысык-Көлдөгү пансионаттардын бириндеги саркынды суу көлгө куюлуп жатат деген видео тарады. Бул боюнча териштирүү жүргүзүлгөнүн облустук милициядан маалымдашты.

Интернетке тараган видеодогу маалымат Ысык-Көл РИИБи тарабынан катталып, териштирүү иштери башталган.

Бул көрүнүш Ысык-Көл районунун Кара-Ой айылында жайгашкан "Акун" эс алуу жайында орун алганы такталды. Пансоинаттын администрациясы берген көрсөтмөдө, алардын аймагында эс алуучулар үчүн аквапарк курулган. Аквапаркка суу көлдөн куюлуп, бир күндөн кийин кайра төгүлүп, циркуляция иретинде жүргүзүлөрүн, ошондой эле эч бир химиялык заттар кошулбай турганын белгилешти.

Териштирүү иштерин толук жана ар тараптуу жүргүзүү максатында Ысык-Көл РИИБи тарабынан экологиялык зыянды аныктоо үчүн тийиштүү мамлекеттик мекемелерге жолдомолор жиберилди.

Тиешелүү мамлекеттик мекемелердин берген жыйынтыгы боюнча, аталган фактыга Ысык-Көл РИИБдин тергөө кызматы тарабынан юридикалык баа берилет.

Ал эми Жаратылыш ресурстары министрлигинин маалыматына караганда, көлгө куйган суу саркынды эмес.

Министрликтин Ысык-Көл регионалдык башкармалыгынын инспекторлору кароо жүргүзүүдө "Акун" эс алуу жайынын аквапаркына жана бассейнге суу көлдөн сордурулуп кайра көлгө куюлуп жаткандыгы, эч кандай самын, шампунь колдонулбай тургандыгы такталды.

Көлгө куюлган суудан атайын үлгүлөр алынды. Лабаратоянын үлгүсүнүн жыйынтыгы менен дагы кошумча маалымат берилет.

Учурда анализдерди жыйынтыктары чыкканга чейин аквапарктын ишмердүүлүгү токтотулду дешти министрликтен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13721