Айсулуу Тыныбекова Poddubny турниринде россиялык Алина Касабиевага утулуп калды
RU

Айсулуу Тыныбекова Poddubny турниринде россиялык Алина Касабиевага утулуп калды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Олимпиаданын күмүш медалынын ээси Айсулуу Тыныбекова Владикавказда өткөн Poddubny Wrestling League турниринде россиялык Алина Касабиевага утулуп калды.

Касабиева дүйнөнүн жана жаштар арасында Европанын чемпиону, Poddubny Wrestling League турниринин төрт жолку жеңүүчүсү.

Турнирдин алкагындагы беттеште кыргызстандык балбан 6:4 эсебинде жеңилүү ызасын тартты.

Эске салсак, буга чейин Будапешттеги рейтингдик турнирде да эки спортчу кез келип, Айсулуу Тыныбекова 6:1 эсеби менен Алина Касабаеваны жеңген эле.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13724