Кариб деңизинде кыргызстандык үй-бүлө каза болду деген маалымат текшерилет
RU

Кариб деңизинде кыргызстандык үй-бүлө каза болду деген маалымат текшерилет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

АКШга мыйзамсыз барууга аракет кылган кыргызстандык үй-бүлө каза болгон. Бул туурасында Казакстандын жараны Жанат Шамиганов Current Time басылмасына АКШга кантип мыйзамсыз киргени тууралуу айтып жатып билдирген.

Анын айтымында, Кариб деңизинде кыргызстандык бир үй-бүлө кайыктан кулап түшкөн.

"Түн ичинде аялдын колунан баласы сууга түшүп кеткен. Баланын артынан апасы, анан атасы сууга секирген. Алар отурган кайык кайра кайткан эмес. Бул жерде кырдаал түшүнүктүү, себеби толкундар чоң жана түнкүсүн катуу ылдамдыкта болот", - деген казакстандык.

Тышкы иштер министрлиги бул маалыматты Кыргызстандын АКШдагы элчилиги текшерип жатканын маалымдады.

"Кырдаал боюнча элчилик Кариб аймагынын тиешелүү органдары менен тактоо иштери жүргүзүлүүдө. Маалымат түшөрү менен кошумча кабар беребиз", - дешет тышкы саясий ведомстводон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13740