Кыргызстанда унааны кайра каттоодо ОСАГОну милдеттендирүү пландалууда
RU

Кыргызстанда унааны кайра каттоодо ОСАГОну милдеттендирүү пландалууда

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы унааны кайра каттоодо милдеттүү документтердин тизмесине OСАГО камсыздандыруусун кошууну сунуштап жатат. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы учурда калкты жарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу менен камтуу төмөн бойдон калып жатканын белгилейт. Ошондуктан айдоочуларды OСАГО милдеттүү камсыздандыруу баракчасын сатып алууга түрткү берүүчү механизмдерди иштеп чыгуу сунушталууда.

"Милдеттүү камсыздандыруу тутумун чыңдоо оң натыйжа берет, жарандарга жолдордо күтүүсүз кырдаалдарда келтирилген зыяндын ордун өз убагында төлөп берүүгө, финансылык туруктуулукту сактоого, ошондой эле зыяндын ордун толтуруунун мамлекеттик эмес булагын түзүүгө мүмкүндүк берет", - деп айтылат маалыматта.

Буга ылайык, мекеме автоунааны кайра каттоодо милдеттүү камсыздандыруу полисин алууну, ошондой эле жарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруунун маанилүүлүгү жөнүндө калкка активдүү маалымат берүүнү сунуштайт.

Эске салсак, Кыргызстанда апрель айынан тарта юридикалык жактар ​​жана чет элдик жарандар үчүн OСАГО милдеттендирилет. 2024-жылдын 1-январынан тартып ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын кызматкерлери тарабынан токтотулганда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык катталган автоунаалардын башка бардык айдоочулары ОСАГО боюнча документти көрсөтүүсү зарыл.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13753