Акылбек Жапаров IQ мектебинин бүтүрүүчүлөрүнө аттестаттарды тапшыруу чечимин кабыл алды
RU

Акылбек Жапаров IQ мектебинин бүтүрүүчүлөрүнө аттестаттарды тапшыруу чечимин кабыл алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президенттин тапшырмасы менен министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров IQ билим берүү комплексинин бүтүрүүчүлөрүнө аттестаттарды тапшыруу чечимин кабыл алды. Бул туурасында Министрлер кабинетинен кабарлашты.

Мындан тышкары тиешелүү ыйгарым укуктуу жана укук коргоо органдарына бул аракеттерге жол берген адамдарды тез арада жоопкерчиликке тартуу боюнча зарыл чараларды көрүү тапшырылды.

Мындай көрүнүштөргө жол бербөө максатында билим берүү системасынын лицензиялык ишин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө чечимдердин долбоорлорун Министрлер кабинетинин кароосуна белгиленген тартипте киргизүү тапшырылды.

Белгилей кетсек, мындай чечим Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 46-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык кабыл алынган, мында ар бир жаран билим алууга укуктуу.

Эске салсак, Токмок шаарындагы жеке менчик IQ мектебинин 84 окуучусу жалпы орто билимди аяктагандыгы тууралуу аттестат алышкан эмес. Окуу жайдын жетекчилиги Билим берүү жана илим министрлигинен мектеп окуучуларына жыйынтыктоочу аттестация жүргүзүп, документтерди берүүнү талап кылууда. Ал эми министрлик балдар лицензиясыз окутулганын айтып, бүтүрүүчүлөр кайра 11-классты окушу керектигин белгилеген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13762