БШК Жаныбек Абировду талапкер катары каттоодон баш тартты
RU

БШК Жаныбек Абировду талапкер катары каттоодон баш тартты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

БШК Жаныбек Абировду Ленин шайлоо округу боюнча кайра шайлоого талапкер катары каттоодон баш тартты. Мындай чечим бүгүн, 2-августта комиссиянын жыйынында кабыл алынды.

Жумушчу топ Абировду Ленин округ боюнча парламенттин депутатын кайра шайлоого катыштыруу мыйзамга каршы келет деген бүтүмгө келген. Себеби Жаныбек Абиров мандатын тапшырганына байланыштуу депутаттык орун бош калган.

Жыйынтыгында Жаныбек Абировду шайлоого талапкер катары каттоодон баш тартууну БШКнын 9 мүчөсүнүн колдосо, 3 мүчөсү каршы добуш берди.

Боршайкомдун жетекчиси Нуржан Шайлдабекова белгилегендей, мурдагы депутат БШКнын чечимине каршы сотко кайрыла алат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13778