Россияда кыргызстандык таксистке кол көтөргөн факты боюнча кылмыш иши козголду
RU

Россияда кыргызстандык таксистке кол көтөргөн факты боюнча кылмыш иши козголду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Россияда кыргызстандык таксистке кол көтөргөн окуя боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 3-августта ИИМден кабарлашты.

Белгилүү болгондой, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгү Москва шаарындагы полициянын тиешелүү бөлүмүндө жабырлануучунун арызын каттоону уюштурду. Буга чейин полиция жабыралнуучунун арызын кабыл албай койгону айтылган эле.

Ошондой эле Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин Консулдук бөлүмүнө Кыргызстандын жараны 1975-жылы туулган М.Ш. чакыртылып, ал окуянын кандай болгонун айтып берди.

Таксисттин айтымында, 18-июнда түштөн кийин буйрутма түшкөн. Айтылган дарекке жетип, жүргүнчүлөрдү алып кеткен. Бир аз убакыт өткөн соң кардарлардын бири унаадан түшүп, дүкөнгө жөнөп, ал жерден бир бөтөлкө сыра менен кайтып келген. Кардарга унаанын ичинде алкоголдук ичимдиктерди ичпөө өтүнүчү менен таксист кайрылганда, анын жанында отурган адам айдоочуга кол көтөрүп, бир нече жолу уруп жиберген.

Мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында таксист денесинен жаракат алган.

Бул факты боюнча чогултулган материалдардын негизинде ИИМдин Москва шаарынын Басманный району боюнча бөлүмүндө Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 116-беренеси "Сабоо" боюнча кылмыш иши козголду. Кыргызстандын жараны М.Ш. жабырлануучу катары таанылып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Тергөө иштери башталды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13795