Футболчу Гүлжигит Алыкулов жаңы клуб менен келишим түздү
RU

Футболчу Гүлжигит Алыкулов жаңы клуб менен келишим түздү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын Улуттук курама командасынын жарым коргоочусу Гүлжигит Алыкулов "Неман" футбол клубу менен бир жарым жылга келишим түздү. Бул туурасында бүгүн, 4-августта Кыргызстандын футбол союзунан билдиришти.

Белгилей кетсек, "Неман" Беларустун Жогорку Лигасында ойногон гродненсктик клуб. 2023-жылкы сезондо "Неман" Беларусь чемпионатында 2-орунду ээлейт.

Гүлжигит Алыкулов буга чейин 2019-жылдын сезонунда "Неман" үчүн ойногон. Аталган клубда Алимардон Шукуров дагы ойнойт.

2020-2023-жылдары Алыкулов "Кайраттын" курамында ойногон.

Гүлжигит Кыргызстандын Улуттук курамасында 2019-жылдын 11-июнунда Палестина менен болгон беттеште дебют жасаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13814