Эмил Жамгырчиевге козголгон кылмыш иши токтотулду
RU

Эмил Жамгырчиевге козголгон кылмыш иши токтотулду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиевге козголгон кылмыш иши токтотулду. Маалыматты Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы тастыктады.

Депутаттын жактоочусу Жогорку Кеңештин депутатынын макамы жөнүндөгү мыйзамга таянып, арыз менен кайрылган. Мыйзамга ылайык, депутатты кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн Башкы прокурордун тиешелүү сунуштамасына депутаттык корпустун макулдугу керек.

26-июлда арыз канааттандырылган. Кылмыш иши Конституциялык соттун корутундусуна чейин токтотулган.

Эске салсак, 2022-жылдын декабрь айында Башкы прокуратуранын тергөөчүлөрү Эмил Жамгырчиев менен өкмөттүн аппаратынын мурдагы орун басары Бактыбек Калмуратовго карата актоо өкүмүн жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу жокко чыгаруу өтүнүчү менен Жогорку Сотко кайрылган.

Жамгырчиев менен Калмуратов аткезчилик боюнча козголгон кылмыш ишинин оң чечилиши үчүн ишкерден пара алган деп айыпталган. 2021-жылдын февраль айында мамлекетке келтирилген 20 миллион сом зыян толтурулган. Андан кийин эки айыпталуучу тең үй камагына чыгарылган. Сотто жабырлануучу Эмир Эмилканов айыпталуучуга койгон дооматынан баш тарткан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13815