УКМК издеп жаткан Эмил Жамгырчиев кайда экенин айтты
RU

УКМК издеп жаткан Эмил Жамгырчиев кайда экенин айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМК тарабынан изделип жаткан Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиев кайда экенин айтты. Эл өкүлүнүн Facebook баракчасына калтырган билдирүүсүнө ылайык, ал өлкө аймагынан чыккан эмес.

"Акыркы убакта менин айланамда жоголуп кетти, мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүп кетишим мүмкүн деген сөздөр болуп жатат. Ушуга байланыштуу жагдайды бир аз тактап кетким келет. Буга чейин Instagram баракчамда маалымдагандай, атам учурда оор абалда, жакында эле жүрөгүнө оор операция жасалды. Кадимки жашоого кайтуу үчүн өтө узакка созулган реабилитация (үч айга чейин) талап кылынат. Анткени, дененин оң тарабы жарым-жартылай кыймылсыз болуп калган. Ошол себептүү мен Жогорку Кеңештин төрагасына үй-бүлөлүк себептерден улам эмгек акы төлөнбөгөн өргүү берүү боюнча кат жазгам. Иним каза болгондон кийин атамды бага турган жалгыз уулу менмин", - деп түшүндүрдү ал.

Жамгырчиев атасы менен чет өлкөгө барууга мүмкүн болбогонун белгиледи.

"Мен атамдын келишин үйдө күтүп отурдум, мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөн эмесмин жана өтө да алган жокмун. Учурда Кыргызстандын аймагында Нарын облусундамын. Тилекке каршы, капысынан ооруп, узакка созулганына байланыштуу (түшүнүксүз вирус) баракчама баш багууга, байланышууга мүмкүн болгон жок", -деп жазган депутат.

Ал өзү үчүн тынчсыздангандардын баарына ыраазычылык билдирип, элди Жаңы жылы менен куттуктады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9782