Ысык-Көлдө сууну булгаган скутердин ээси айыпка жыгылды
RU

Ысык-Көлдө сууну булгаган скутердин ээси айыпка жыгылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көлдөгү суунун бети булганган сүрөт көпчүлүктүн нааразычылыгын жараткандан кийин Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирүү жасады. Мекеменин маалыматына караганда, сууну булгаган скутердин айдоочусуна айып салынды.

Белгилесек, интернетке тараган сүрөт Бостеридеги пляждардын биринде 5-августта тартылган.

"Ысык-Көлдүн үстү күйүүчү-майлоочу майдын агып кетишинен улам булганган. Учурда скутердин ээсине Укук бузуулар кодексине ылайык 10 миң сом айып салынды.

Мындай көрүнүштөргө жол бербөө боюнча айдоочуларга жана транспорт ээлерине эскертүү, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Айлана-чөйрөнү сактоо максатында суу транспортун тейлөө жана май куюу үчүн атайын жайларды уюштуруу маселеси да каралууда.

Урматтуу суу транспортунун ээлери, сиздерди айлана-чөйрөнү сактоого чакырабыз", - дешет министрликтен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13842