Ысык-Көлдүн сел жүргөн айылдарында 100дөй үйдү суу каптады
RU

Ысык-Көлдүн сел жүргөн айылдарында 100дөй үйдү суу каптады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көлдүн Түп районундагы селден улам 100гө жакын үйдү суу каптады. ӨКМнын маалыматы боюнча, Талды-Суу айылында 28, Корумду айылында 40тан ашык, Көөчү айылында 24, жалпысынан алганда болжол менен 92 турак үйдүн короосун, жер төлөсүн жана ички чарбалык жолдорун, айдоо талааларын суу каптаган.

Бүгүн, 8-августта аталган айылдарга күч-каражаттар тартылып, тактоо жана табигый кырсыктын кесепеттерин жоюу иштерине жалпы 103 куткаруучу чыгышты.

Белгилей кетсек, 7-августта нөшөрлөгөн жамгырдын кесепетинен кокту-колоттордон чогулган сел суулары жогоруда аталган айылдарды каптаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13851