Ысык-Көлдөгү пляждарга эми баары кире алат. Президент жарлыкты өзгөрттү
RU

Ысык-Көлдөгү пляждарга эми баары кире алат. Президент жарлыкты өзгөрттү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаров 2022-жылдын 13-майындагы "Ысык-Көл облусунун калктуу конуштарынын тургундарынын пляж аймактарына кирүү укугун камсыз кылуу жөнүндө" жарлыгына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" жарлыкка кол койду. Бул туурасында президенттин администрациясы кабарлайт.

Жарлыкка Ысык-Көлдөгү пляж аймактарына эркин кирүүнү камсыз кылуу максатында кол коюлду.

Өзгөртүүлөр бардык жарандарга Ысык-Көлдүн пляждык зоналарына эркин кирүүсүнө мүмкүнчүлүк берет.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13870