Кыргызстанда 1-сентябрдан тарта унааны онлайн түрдө кайра каттоого болот
RU

Кыргызстанда 1-сентябрдан тарта унааны онлайн түрдө кайра каттоого болот

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда 1-сентябрдан тарта унааларды онлайн түрдө кайра каттоого болот. Бул тууралуу президенттин администрациясынын санариптик өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Азамат Буржуев билдирди.

Айтымында, бул пилоттук долбоор болот, бир жылга созулат. Баары ойдогудай болсо, унааны онлайн кайра каттоо кыргызстандыктар үчүн көнүмүш нерсеге айланат.

"Долбоорду көптөн бери даярдап, иштеп чыктык. Бир жылга жакын убакыттан бери процесстерди автоматташтыруу маселеси талкууланып жаткан. Долбоор коңшу Казакстанда кандай ийгиликтүү иштеп жатканын көрдүк. Азыр биз бардык тобокелдиктерди жана артыкчылыктарды карап жатабыз. Долбоор унааны алыстан каттоого мүмкүндүк берет. Алдамчылыкты болтурбоо үчүн процедураны кантип жөнөкөйлөштүрүү же татаалдаштырууну карап чыгабыз. Анткени, кеп мүлк жөнүндө болуп жатат", - деди Буржуев.

Эксперт сатуу/сатып алуу процесси бир нече этаптан турарын, анын ичинде техникалык кароо дагы айдоочунун жеке катышуусунда жүргүзүлөрүн эске салды.

"Азырынча бул процедура айдоочунун катышуусунда жүргүзүлөт. Бирок VIN номерлрдин бардык сүрөттөрүн системага текшерүү үчүн жүктөсө болот. Бул тез арада текшерүү жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. Текшерүүдөн өткөндөн кийин макулдук белгиси чыгып, банктык мобилдик тиркеме аркылуу сатып алуу/сатуу үчүн накталай эмес төлөм жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт", - деп кошумчалады Буржуев.

Алгачкы этапта бир банк – пилоттук банк катары тандалат, аны менен системаны өркүндөтүп, андан кийин башка банктар менен кызматташабыз.

Долбоор туура бир жыл - 2024-жылдын 1-сентябрына чейин созулат. Бул мезгил бардык кемчиликтерди аныктоого мүмкүндүк берет. Ал Tunduk колдонмосунда да жеткиликтүү болот. Иштеп чыгуучулар жергиликтүү адистер.

Эми Ички иштер министрлиги Санариптик өнүктүрүү министрлиги менен бирдикте төмөнкү иштерди аткарышы керек:

  • калк арасында долбоор боюнча маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
  • долбоордун өнүгүшүнө мониторинг жүргүзүү;
  • долбоор үчүн төлөм уюмдарын тартуу;
  • долбоорду ишке ашырууга аракет кылуу.

Мындан тышкары, ведомстволор унааларды онлайн сатууну толук ишке ашыруу үчүн укуктук актыларды иштеп чыгышы керек.

Буга чейин Санариптик өнүктүрүү министрлиги электрондук документтерди киргизген. Tunduk мобилдик тиркемесин колдонуу менен төмөнкү санариптик документтер дайыма жарандардын жанында болот:

  • паспорт;
  • транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүк;
  • айдоочунун күбөлүгү;
  • туулгандыгы жөнүндө күбөлүк.

Кошумчалай кетсек, Tunduk мобилдик тиркемеси колдонуучуларга бардык административдик айыптар, анын ичинде алимент төлөнбөгөнү, "Коопсуз шаар" системасынан түшкөн айыптар жана башка ушул сыяктуу билдирүүлөрдү жиберип турат. Tunduk тиркемесиндеги аккаунт аркылуу шайлоочунун электрондук кабинетине жана салык төлөөчүнүн кабинетине кирүүгө болот.

Бардык электрондук документтер юридикалык статуска ээ. Эгер мамлекеттик органдарда же коммерциялык уюмдарда электрондук документтер кабыл алынбаса даттануу калтыруу же жетекчиликке кайрылуу зарыл. Анткени мындай документтердин негизүүлүгү Министрлер кабинетинин токтому менен ырасталат.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13875