Ич кийим кийип бийлеген тиктокчу баңгизат менен кармалды
RU

Ич кийим кийип бийлеген тиктокчу баңгизат менен кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ич кийим кийип бийлеген тиктокчу баңгизатты мыйзамсыз даярдоого шектелип кармалды. ИИМдин маалыматына караганда, кармалган адам Бишкекке 1 ай мурда көчүп келген.

Белгилүү болгондой, Жалал-Абад ОИИБи тарабынан Сузак районунун 1974–жылы туулган А.Н. аттуу тургунуна карата иш каттоого алынган. Ал бир ай мурда Бишкек шаарына көчүп кеткендиктен, аны тергөөгө камсыз кылуу тапшырмасы ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгына берилген.

7-августта Бишкек шаарынын Свердлов РИИБинин ыкчам тергөө тобу А.Н. аттуу жарандын чолок шымынын чөнтөгүнөн ак кагазга оролгон кочкул жашыл түстөгү кара куурай жытына окшош зат табышкан.

Тергөөгө чейинки текшерүүнүн жыйынтыгында 8-августта 283-берененин 1-бөлүмү (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголгон. Ошол эле күнү анын Бишкек шаарында жашаган үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, эс алуу бөлмөсүнөн кочкул жашыл түстөгү кара куурай жытына окшош заттар бар экендиги аныкталган.

Алынган заттар экспертизага жөнүтүлүп, ал заттар "каннабис чайыры" экени аныкталды. Ал эми А.Н. кармалып, Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын айтышты министрликтен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13880