Айыл чарба министрлиги тоюттарды, дан азыктарын экспорттоого тыюу салууну сунуштады
RU

Айыл чарба министрлиги тоюттарды, дан азыктарын экспорттоого тыюу салууну сунуштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги тоюттарды, дан азыктарынын айрым түрлөрүн экспорттоого убактылуу тыюу салууну сунуштады. Тиешелүү токтомдун долбоору коомдук талкууга коюлду.

Ведомствонун маалыматына караганда, түшүмдүүлүктүн аз болгонуна байланыштуу экспортко убактылуу тыюу салуу зарыл. Бул азык-түлүк рыногундагы кырдаалды турукташтырууга жардам берет жана чарбалардын ишине жакшы таасирин тийгизет.

Кыргызстандан жана ЕАЭБ өлкөлөрүнөн тышкары алты айлык мөөнөткө төмөнкүлөрдү экспорттоого тыюу салынт:

  • тоютттар (чөп, саман, аралаш тоют, кебек жана дан азыктары);
  • арпа;
  • буудай;
  • күрүч;
  • сулуну.

Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык: РИА Новости.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13891