Эксперт Ысык-Көлдөгү суунун тартылышынын себептерин айтты
RU

Эксперт Ысык-Көлдөгү суунун тартылышынын себептерин айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2011-2021-жылдар аралыгында Ысык-Көлдөгү суу дээрлик бир метрге тартылып кеткен. Ал эми акыркы бир жылда дагы 70 сантиметрге тартылган. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстар министрлигинин Суу жана жер ресурстары башкармалыгынын башчысы Таалай Далбаев брифингде билдирди.

Далбаев муну өлкөдөгү жалпы суунун азайышы менен байланыштырды.

Акыркы бир жылдын ичинде суу жээктен дээрлик 70 сантиметрге тартылган. Башкача айтканда, Ысык-Көлдөгү суунун көлөмү азаюуда. Бул Ысык-Көлгө агып келген кичи жана чоң дарыялардагы суунун азайышы менен байланыштуу.

"Өзүңүздөр деле байкап жатсаңыздар керек. Калк деле Кыргызстандагы кичи дарыялардын соолуп калганын көрүп турат", - деди ал.

Ошондой эле бул биринчи кезекте климаттын өзгөрүшүнө жана кургакчылыкка байланыштуу экенин белгиледи.

Эске салсак, адистер убакыттын өтүшү менен Ысык-Көл чоң сазга айланып кетиши мүмкүн деп кооптонушат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13892