Ошто кайгуул кызматкерлеринин нааразычылык митингинен кийин 92 адам жаза алды
RU

Ошто кайгуул кызматкерлеринин нааразычылык митингинен кийин 92 адам жаза алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош шаардык кайгуул кызматкерлери июль айынын аягында нааразычылык митингине чыгышкан. Бул факты боюнча түзүлгөн атайын комиссия чечим чыгарды. Маалыматты Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бакшы башкармалыгынан билдиришти.

Комиссиянын чечимине ылайык, жалпы 92 кызматкер ар кандай тартиптик жазага тартылышты.

  • 2 кызматкер Ички иштер органдарынан бошотулду;
  • 5 кызматкер ээлеген кызматынан төмөндөтүү менен бошотулду;
  • 11 кызматкер Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын башка бөлүмдөрүнө которулду;
  • калгандары ар кандай тартиптик жазага тартылды.

Эске салсак, 28-июлда Ош шаардык кайгуул кызматкерлери жетекчиликке карата нааразычылын билдирип, митингге чыгышкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13895