Ленин округунда кайра шайлоо өтөт. Талапкерлердин арыздарын кабыл алуу аяктады
RU

Ленин округунда кайра шайлоо өтөт. Талапкерлердин арыздарын кабыл алуу аяктады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

№ 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүү аяктады.

БШКдан билдиришендей, 10-август саат 00:00гө карата 34 талапкер (28 – эркек, 6 – аял) көрсөтүлдү. Кабыл алуунун акыркы күнү 4 талапкерден арыз түштү.

Бүгүнкүгө карата 6 талапкер катталды. БШК бир талапкерди каттоодон баш тартты.

Конституциялык мыйзамдын 61-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, № 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча ЖК депутаттыгына талапкерлерди каттоо үчүн талапкер же анын ыйгарым укуктуу өкүлү 13-август саат 18:00гө чейин төмөнкү документтердин толук пакетин БШКга тапшыруу керек:

  • өмүр баянын жана башка маалыматтарды көрсөтүү менен бекитилген формага ылайык, талапкер жөнүндө маалыматтарды;
  • паспортунун көчүрмөсүн;
  • жогорку кесиптик билим жөнүндө документтин нотариалдык түрдө күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн;
  • иштеген же окуган жеринен маалымдаманы;
  • бекитилген формага ылайык, башка мамлекеттин жарандыгы жок экендиги жөнүндө маалыматтарды;
  • жекече маалыматтарын иштетүүгө жазуу жүзүндө макулдугун;
  • шайлоо күрөөсүн төккөндүгүн ырастоочу документти.

Конституциялык мыйзамдын 23-беренесинин 1-бѳлүгүнѳ ылайык, бардык талапкерлерди каттоо мѳѳнѳтү аяктаган күндѳн тартып шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү башталат - 2023-жылдын 8-21-августуна чейин. Кайра шайлоо 10-сентябрда өтөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13898