Кадыр Кошалиевдин Бакиевден алган маегине баа берген комиссия корутунду чыгарды
RU

Кадыр Кошалиевдин Бакиевден алган маегине баа берген комиссия корутунду чыгарды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Журналист Кадыр Кошалиевдин Курманбек Бакиевден, Аскар Акаевден алган маектерине укуктук, чыгармачылык жана саясий баа берүү боюнча Элдик курултайдын регламентине ылайык түзүлгөн коомдук комиссиянын корутундусу чыкты. Бул туурасында Элдик курултайдын маалымат кызматы билдирет.

Биринчи элдик курултайдын делегаты, саясий серепчи Бакыт Бакетаев башында турган коомдук комиссия Кадыр Кошалиевдин иш-аракетин ар тараптан кылдат изилдеп, эксперт-адистердин, юристердин, журналисттердин жана коомчулуктун пикирлерин талдап, талкууланып жаткан маселе боюнча тыянак чыгарды.

"Кадыр Кошалиевдин журналисттик иши боюнча күнөө тага турган жагдайлар дээрлик жок. Маселенин баары Курултай институтун Баш мыйзамдын талабына ылайык мыйзамдаштыруу маселеси Жогорку Кеңеште талкууланып жаткан мезгилде Элдик курултайдын аксакалдар кеңешинин төрагасы катары (коомдук башталышта иштегендигине карабастан) ал тарабынан алынган интервьюлардын жарык көрүшү - абалды курчутууга себеп болгондугу, бул жагдай Элдик курултайдын тарыхый мааниси, коомдогу орду, элдин курултайга болгон ишеничи өзгөчө экендиги менен түшүндүрүлөт"- деп айтылат документте.

Ошондой эле корутундуда:

  • Кошалиевдин өз демилгеси менен А.Акаев жана К.Бакиев менен болгон интервьюлары (жалпы иштин жыйынтыгына таасир этпеген майда техникалык мүчүлүштөрдү эске албаганда) КРнын мыйзамдарына, Элдик курултайдын регламентине каршы келбейт жана журналисттик эрежелерди сактоо менен уюштурулган.
  • Элдик курултай - калыстыкты, адилеттикти, чындыкты туу туткан салттуу эл башкаруу институту катары өлкөнүн тагдырына түздөн-түз тиешелүү орчундуу маселелерден кыйгап өтпөстөн, кайра талкуунун бутасына алууга милдеттүү болгондуктан, Кошалиевдин өлкөнү 10-15 жылдап башкарган адамдардын өз оозунан маалымат алуусу, кыргыз элинин абалтадан келе жаткан казына-мүлкүн иликтөө багытындагы иш-аракети, тарыхты тактоого кошкон журналисттик салымы болуп саналат.
  • Ошол эле мезгилде төрага катары өзүнүн иш-аракети жөнүндө Элдик курултайдын аксакалдар кеңешинин мүчөлөрүнө убагында маалымдап койбогондугу анын кемчилиги болгондугу адилет белгиленген.
  • Кошалиевдин көп жылдык эмгегин жана курултайдын аксакалдар кеңешинин төрагасын шайлоо жана кызматтан бошотуу тартиби жөнүндөгү талаптарды эске алып, жакында кабыл алынган "Элдик Курултай жөнүндө" мыйзамдын негизинде жаңы чакырылган курамдын иши башталганга чейин өзүнүн ыйгарым укуктарын уланта берүүсү максатка ылайыктуу деген сунуштар тийиштүү тараптарга расмий жөнөтүлдү.

Жогоруда айтылган маалыматтардын негизинде Кадыр Кошалиев 2023-жылдын 11-августунан баштап Элдик курултайдын аксакалдар кеңешинин төрагасы кызматын аткарууга киришкени маалым болду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13900