Равшан Жээнбековдун жубайынын иши. Ижарага мыйзасыз берилген жерлер кайтарылды
RU

Равшан Жээнбековдун жубайынын иши. Ижарага мыйзасыз берилген жерлер кайтарылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Равшан Жээнбековдун жубайынын иши боюнча жеке адамдарга ижарага мыйзамсыз берилип кеткен кымбат баалуу жер тилкелери мамлекетке кайтарылды. Бул туурасында УКМКдан маалымдашып, Алимбаеванын ишинде эч кандай саясий өңүт жок экенин айтышат.

Буга чейин Салкынай Алимбаева Бишкек шаарындагы кымбат жана кирешелүү жер тилкелерин ири суммадагы акча каражатына ижарага берүү конкурсун өткөрүүдөгү коррупция боюнча кармалган. Финансы министрлигине караштуу "Инфосистема" мамлекеттик ишканасындагы байланыштары аркылуу Алимбаева жеке бизнестин өкүлдөрүнө Бишкек шаарындагы кымбат баалуу 2 жер участогун ижарага берүү боюнча тендерде жеңишти камсыздап, ал үчүн 500 миң доллар алганын УКМКдан билдиришкен.

Бул иш боюнча Алимбаева менен бирге Финансы министрлигине караштуу "Инфосистема" мамлекеттик ишканасынын жооптуу кызматкерлери жана бул кылмышка тиешеси бар айрым жарандар да кылмыш жоопкерчилигине тартылган.

Тергөөнүн жүрүшүндө көрүлгөн чаралар менен көрсөтүлгөн жер тилкелери мамлекетке кайтарылып, келтирилген зыяндын орду толугу менен толтурулуп, баасы экспертизанын корутундусуна ылайык,1 464 383 000 сомду түздү.

Бул жагдайды социалдык тармактардын айрым колдонуучулары Р.Жээнбековдун ишмердүүлүгүнө байланыштуу бул кылмыш ишинин саясий өңүтү бар деген жалган маалымат тараткан божомолдору туура эместигин белгилейбиз.

Белгилей кетсек, Равшан Жээнбековдун азыркы Жазык-процесстик мыйзамдардын талаптарына ылайык жүргүзүлүп жаткан тергөөгө эч кандай тиешеси жок.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13949