Казакстан суу үчүн жүк ташуучу унааларды өткөрбөй жатабы? Адистин пикири
RU

Казакстан суу үчүн жүк ташуучу унааларды өткөрбөй жатабы? Адистин пикири

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз-казак чек арасындагы "Кең-Булуң" жана "Ак-Тилек" өткөрмө пункттарында жүздөгөн жүк ташуучу унаалар бир нече күндөн бери токтоп турат. "Ак-Тилек" өткөрмө пунктундагы айдоочулар Kaktus.media сайтына пикирлерин айтышып, муну саясий чечим дешти.

Бул маалыматтан кийин экономика илимдеринин доктору, доцент Улан Чортомбаев социалдык тармак аркылуу кайрылуу жасады.

"Казак туугандар, силер бажы постторунан биздин жүк ташуучу унааларды өткөрбөй, чек ара постторунда узун кезек күттүрүп койдуңар. Себебин биз силерге суу бербей токтотуп койду деп түшүндүрүп жатасыңар. Жаздан бери Киров жана Орто-Токой суу сактагычтарынан тынымсыз суу бердик. Өзүбүздө суу жок калса дагы эки өлкөнүн ортосундагы келишимдерди, протоколдорду жана милдеттенмелерди толугу менен аткардык", - дейт ал.

Ошондой эле Чортомбаев Киров суу сактагычынын спутниктен алынган сүрөттөрүн көрсөтүп, салыштырган.

"Биринчи сүрөт жаз мезгилиндеги суу толуп турган убак. Экинчи сүрөт бүгүнкү акыбалы. Суу жок. Суу жок болсо силерге эмнени берели? Суу бар туруп, силерге бербей жаткандай көрбөгүлө. Азыр 21-кылым. Спутник аркылуу барын көрүп алсаңар болот. Ушул суунун түбүндө балыктар калды. Бул сууну агызып жиберсек балыктар өлүп жок болот. Балыктардын да жашоого акысы бар го. Келгиле, бири-бирибизге бөгөт койбостон бир туугандык мамиле менен ишибизди уланта берели. Чек араңарды жаппай, тескерисинче машиналарды тез-тез өткөрүп тургула. Эртең эле кайрадан сууга муктаж убакыт келип калат. Ырысыбызга түкүрүп албайлы", - деп кайрылды Кыргыз ирригация илим изилдөө институтунун директору.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14057