"Тулпар" карталарын кайдан алса болот? Картаны кантип толтурат?
RU

"Тулпар" карталарын кайдан алса болот? Картаны кантип толтурат?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек мэриясы 20-августтан тарта коомдук муниципалдык транспорттордо жол кирени накталай төлөө токтотуларын маалымдады. Жүргүнчүлөр жол кирени "Тулпар" карталары, VISA жана ЭЛКАРТ, виртуалдуу NFC карталары жана "Тулпар", Balance тиркемесинде QR сканерлөө аркылуу төлөшөт.

Тулпар картасын кайдан сатып алса болот?

  • Картаны О!, Megacom, Beeline уюлдук операторлорунун кеңселеринен, "Кыргызпочтасынын" филиалдарынан, "Тулпар" тейлөө борборлорунан, троллейбус, автобустардын айдоочуларынан;
  • Картанын баасы 50 сомду түзөт;
  • Убактылуу акциянын алкагында 20-августтан тарта айдоочулардан картаны сатып алгандарга бир жолку жол акысы бекер болот. Баасы 30 сом;
  • Соода түйүндөрүнүн толук тизмеси менен https://www.tulpar-card.kg/about/buy/ шилтемеси аркылуу таанышсаңыз болот.

"Тулпар" картасын кантип толтуруу керек?

  • Балансты терминалдардан, төлөм системалары аркылуу (ККБ, Мбанк, Megapay, Balance, O! Money ж.б.), "Кыргызпочтасынын" филиалдарынан толуктаса болот. Толук тизме менен https://www.tulpar-card.kg/about/pay/ шилтемеси аркылуу таанышыңыз.

Балансты кантип көзөмөлдөө керек?

  • Ал үчүн Tulpar мобилдик тиркемесин жүктөп алып, ага катталып, картаны байланыштыруу керек. Колдонмо iOS жана Android платформаларында жеткиликтүү.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/13772