Казакстанга өтө албай жаткан айдоочуларга жардам чатырлары даярдалды
RU

Казакстанга өтө албай жаткан айдоочуларга жардам чатырлары даярдалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Ак-Тилек-автодорожный" постунун жанындагы жүк ташуучу унаалар чогулган жерге жардам чатырлары иштеп жатат. Бул тууралуу президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү билдирди.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунун аймагындагы "Ак-Тилек-автодорожный" көзөмөл-өткөрүү пунктунун алдындагы жүк ташуучу унаалар топтолгон жерге чатырлуу жардам пункттары орнотулуп иштеп жатат.

Аларда айдоочуларга медициналык, психологиялык, консультациялык жана башка жардам көрсөтүү үчүн бардык шарттар түзүлүп, ысык тамак уюштурулган.

Кошумчалай кетсек, учурда тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан жол кыймылынын коопсуздугун жана коомдук тартипти камсыздоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүп, тез бузулуучу жүктөрдү ташыган унаалардын өтүүсүнө шарттар түзүлүүдө.

Эске салсак, 20-августтан бери Казакстан менен чек арада көйгөй жаралды. Жүк ташуучу унаалардын айдоочулары казак тарап өткөрбөй жатканына нааразы. Алардын айтымында, анын бир себеби Кыргызстандын Казакстанга сугат суусун берүүнү токтоткону менен байланыштуу. Казак тарап муну менен нааразычылыгын билдирүүдө.

Учурда Казакстан менен чек арада унаалардын топтолушу уланууда. Алсак, 22-август күнү саат 12:00гө карата өткөрүү пунктунун алдында Кыргызстандан чыгуу үчүн 430дай унаа турган. Ошол эле учурда Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин чек ара кызматы кыргыз тараптан эч кандай чектөө болбогонун, акыркы суткада Казакстандан Кыргызстанга 274 унаа өткөнүн билдирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14068