Киров суу сактагычындагы бүгүнкү абал. Сүрөт
RU

Киров суу сактагычындагы бүгүнкү абал. Сүрөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Айыл чарба министрлигинин алдындагы Суу чарба кызматы Kaktus.media сайтына Киров суу сактагычынын азыркы абалын көрсөткөн сүрөттөр менен бөлүштү.

Дал ушул суу сактагычтан августтун башында Кыргызстан Казакстанга суу берүүнү токтоткон. Суу чарба кызматы 4-августка чейин Кыргыз Республикасы коңшу тарапка керектүү көлөмдөгү сууну бергенин белгиледи. Ошондой эле Киров суу сактагычында суунун агымы азайганын кошумчалашты.

Суу сактагычтын учурдагы көрүнүшү:

Ведомство кошумчалагандай, 22-августка карата суу сактагычка агып кирген суунун көлөмү секундасына 0,7 метр кубду түзөт, ал эми бир жыл мурун - секундасына 15,5 куб метр болчу.

"Ыңгайлуу шарттарда суу сактагычка 55 миллион куб метр суу топтолушу мүмкүн, бул анын долбоордук кубаттуулугу. Ал эми коркунуч жараткан көлөм 10 миллион кубометрди түзөт. Азыр 14 миллион куб метрден бир аз ашык суу бар", - деп белгилешти министрлик.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14076