Кыргыз-казак чек арасында кезек күткөн унаалардын саны 500гө чукулдады
RU

Кыргыз-казак чек арасында кезек күткөн унаалардын саны 500гө чукулдады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМКнын Чек ара кызматы бүгүн, 23-августта "Ак-Тилек-автожол" жана "Кең-Булуң-автожол" көзөмөл-өткөрүү жайларында жүк ташуучу унаалардын топтолгонун маалымдайт.

Мекеменин маалыматына караганда, саат 13:00гө карата "Ак-Тилек-автожол" өткөрүү пунктунда Кыргызстандан чыкканга 493 унаа турат, "Кең-Булуң-автожол" өткөрүү жайында 146 унаа турат. Өткөн суткада Кыргызстандан Казакстанга 112 унаа кирди.

Кыргыз тараптагы өткөрүү жайлары күнүмдүк тартипте иштеп жатат.

Эскерте кетсек, Чүй облусунда "Ак-Тилек-автожол" көзөмөл-өткөрүү жайында жүк ташуучуларга жардам көрсөтүү чатырлар тигилген. Анда айдоочуларга жана жүк ташуучуларга зарыл болгон жардамдар көрсөтүлүүдө: медициналык, психологиялык, кеңеш берүүчү жана башка, ошондой эле ысык тамак уюштурулган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14079