Президент казак акынына аргымак тартуулагандан кийин айтылган сынга жооп берди
RU

Президент казак акынына аргымак тартуулагандан кийин айтылган сынга жооп берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чолпон-Атада өткөн көк бөрү боюнча Дүйнө кубогунун ачылышнда ырдаган казак акыны Биржан Калдыбаевге Садыр Жапаров аргымак тартуулаган. Бир нече күндөн кийин өзүн Казакстандын Айтышкерлер союзунун төрагасынын биринчи орун басары катары тааныштырган Аманжол Алтаев муну сындап чыккан. Ал кыргыз элинен казак элинин өнөрүн, баркын кетирбөөнү өтүнүп, казак элинин акыны катары көчөдөн эле бирөөнү көрсөтпөөгө чакырган.

Буга Садыр Жапаров "Кабар" маалымат агенттиги аркылуу жооп берип, тулпар тартуулоодо саясат жок дейт.

"Биринчиден, "Элчи менен ырчыга өлүм жок" дейт. Элчилер элчилигин кылат. Ырчылар, болгондо дагы төкмө акындар кай жерде болбосун ыңгайына жараша төгүп ырдай беришет. Сындап ырдашат, мактап ырдашат, бир нерсе сурап ырдашат. Андан кемчилик же саясат издөөнүн кереги жок.

Экинчиден, төкмө акын Биржан Калдыбаев кыргызга жээн болот экен. Мен казака жээнмин. Кайчылаш тайеке-жээн экенбиз. Менин бешинчи атам Солтонкулдун аялы Нооча энем казак кызы болгон.

Үчүнчүдөн, кыргыз-казак сөз баккан элбиз. Эгер мен ошол учурда аргымак мингизбей койсом качандыр бир убакта мени сөзгө жыгып ырдап чыкмак. "Тайкем мени жөө узатты, тайекемдин бир аргымакчалык алы жокпу" деп. Эгер мен ал жерге катышпасам, ал акындын ырдаганын укпасам башка кеп эле.

Ошондуктан Аманжол мырзага айтарым, эч качан ыңгайсыз абалда калган жоксуз. Эч кандай саясат жок. Болгону төкмө акын жээнимдин сөзүнө калбайын деп гана аргымак мингизе салдым.

Ал эми Биржан Калдыбаев кандай акын экенин чынында мен деле билбейм. Мурда таанычу да эмесмин. Аны көчөдөгү акын дептир. Азыр көчөдөгү акын болсо балким бара-бара казак кыргыз элине таанымал акын болуп чыгып калаар? "Бешиктеги баланын бек болоорун ким билет, карындагы баланын хан болоорун ким билет" дейт. Жаш бала экен. Колдоп турсаңар балким бара-бара таанымал акын болуп чыга келет.

Казак менен кыргызды өзүбүздөн башка эч ким колдобойт. Бири-бирибизди колдоп турушубуз керек.

Азыркы дүйнөлүк кырдаал курч болуп турат. Казак кыргыздын ортосуна чок салып жиберсек деп турган үчүнчү күчтөр дагы жок эмес. Андай адашуудан алыс болушубуз керек. Ортодогу ынтымакты бекем сактайлы. Ансыз деле аттын кашкасындай аз калкпыз", - деди президент.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14104