Президент Чолпон-Атадагы "Акылман" лицейин ачты. Сүрөттөр
RU

Президент Чолпон-Атадагы "Акылман" лицейин ачты. Сүрөттөр

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ысык-Көлдө президенттик "Акылман" лицейинин салтанаттуу ачылыш болуп, ага Садыр Жапаров катышты. Анда өлкө башчы өлкөбүздө өзгөчө шыктуу балдар арбын экенин айтты.

"Чолпон-Атада таланты ташкындаган, шык-жөндөмү менен айырмаланган, республиканын булуң-бурчунан атайын сынак менен тандалып алынган зээндүү балдарыбыздын башын бириктире турган "Акылман" лицейи келечек ээлерине эшигин кеңири ачып турган маалы.

Бүгүнкү күндө таланты, жөндөмү менен айырмаланган балдардын өзгөчөлүгүн өркүндөтүү маселеси илимде дагы өтө актуалдуу болуп турган учур. Ошондуктан өлкө аймагындагы мындай таланттуу балдарыбызга ар тараптуу колдоо көрсөтүү мамлекетибиздин негизги милдети, башкы саясаты катары саналат.

Мамлекет камкордукка алып, атайын лицей уюштуруу менен мындай балдардын акыл-ой чабыттарын ачуу, өзгөчө ыкмаларды колдонуу аркылуу андан ары өркүндөтүү жалпы билим берүү тармагына эле эмес, өлкөбүздүн өнүгүшүнө, келечек муундун туура багытта тарбияланышына баа жеткис салым болот деп эсептеймин.

Өлкөбүздүн булуң-бурчунда байкалбай жүргөн, катылып жаткан зээндүү балдарды таап, өзгөчө камкордукка алууну колго алсак, мамлекетибиздин жаркын келечеги камсыздалат десек да жарашат.

Биз ар дайым, "Балдар – биздин келечегибиз!" деп айтып келебиз. Эми айтып эле тим болбой, "Акылман" лицейин түптөп, алдыга коюлган максатыбызды ишке ашыруу менен жалпы мектептерде ар бир окуучунун талантын ачууга, алардын катарынын көбөйүшүнө өбөлгө бололу деген ниетте турабыз.

Чыгармачыл, интеллектуалдык, академиялык шык-жөндөмдүү балдарды ача билип, билим берүүнүн жаңыча жолуна түшүү - мезгил талабы болуп турат!

"Акылман" мектебине өткөн окуучулар күнүмдүк турмуштун башка иштери менен алагды болбой, кесипкөй мугалимдердин көзөмөлүндө лицейде күн-түнү бир багытты, бир максатты көздөп, ийне менен кудук казгандай билим алышат деген чоң үмүтүм бар.

Кудай тилегибизди берип, "Акылман" лицейи ийгиликтүү иштеп баштаса, мындай билим уялары дагы да кулачын жаят", - деди өлкө башчы.

Ошондой эле лицейдин эмгек жамаатына кайрылып, аларга чоң милдет жүктөлгөнүн айтты.

"Өзгөчө ыкма, жаңыча мамиле менен бөтөнчө шыктуу балдардын жан дүйнөсүнө сүңгүп кирип, туура тарбия, терең билим берүү сиздердин колуңуздарда. Президенттик лицейдин ачылышы менен бүт республиканын көңүлү сиздердин мектепте, сиздердин иште, сиздер окуткан балдарда болот. Силер окуткан окуучулар бир лицейдин эмес,

жалпы Кыргызстандын сыймыгы болушу керек. Андыктан, күн-түнү изденип, өнүккөн өлкөлөрдүн тажрыйбасын иликтеп, конкреттүү натыйжа чыгарасыздар деген ойдомун", - деп кайрылды.

"Акылман" лицейинде математика, физика, химия, биология предметтерине басым жасоо мерчемделүүдө. Сабактарды англис тилинде окутуу дагы максатка ылайыктуу деп каралууда.

"Ошону менен бирге бүгүнкү күндө тарбия маселеси дагы өзүнчө бир көйгөйгө айланып баратканын эске алып, бул билим уясында улуттук нарк-насилге, таалим-тарбияга чоң маани берилерин баса белгилеп кетейин. Мына ошондо дене боюна элибиздин нарк-насили сиңген, интеллектуалдык, илимий жана чыгармачыл дарамети бар өзгөчө зээндүү балдарды тарбиялоого жетишсек, биз "Акылман" лицейин ачуудагы максаттарыбызды: -Кыргызстанда интеллектуалдык жактан өнүккөн муунду калыптандырууну, өзгөчө шыктуу балдарды окутуунун жана тарбиялоонун бирдиктүү системасын ишке ашырган болобуз", деди президент.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14120