Казакстанда өткөн айтышта баш байгени жеңген кыргыз төкмөсүнө аргымак тартууланды
RU

Казакстанда өткөн айтышта баш байгени жеңген кыргыз төкмөсүнө аргымак тартууланды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Казакстанда өткөн эл аралык айтышта Арген Биймырза уулу баш байгени багындырды.

Белгилүү болгондой, Казакстандын Таскала районунун 90 жылдыгына арналган эл аралык айтышта "Манас" улуттук театрынын жаш төкмөсү, ак таңдай акын Элмирбек Иманалиевдин шакирти Арген Биймырза уулу баш байге багындырды.

Айтыштын соңунда Таскала районунун акими акындын алдына аргымак тартуулады.

Белгилесек, Арген Биймырза уулун көпчүлүк сахналашы Нурайым Бактияр кызы менен "кыз-жигит айтышынан" улам жакшы тааныйт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14130