Көпчүлүк күтүп жаткан Роналдиньо Кыргызстанга дале келе элек
RU

Көпчүлүк күтүп жаткан Роналдиньо Кыргызстанга дале келе элек

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Көпчүлүк күтүп жаткан Роналдиньо Кыргызстанга келе элек. План боюнча ал бүгүн, 29-августта саат 15:00дө "Манас" аэропортуна конушу керек болчу дешет Кыргызстандын футбол союзундагы өздүк булактар Kaktus.media сайтына.

Эске салсак, Роналдиньо 29-августта Жалал-Абадда "Барселонанын" футбол академиясынын ачылышына, ошондой эле 30-августта Бишкекте "Барселонанын легендалары" менен "Азия легендаларынын" беттешине катышары белгилүү болгон. Оюндун уюштуруучулары маалымат жыйында ал Кыргызстанга бүгүн, 29-августта түштөн кийин сөзсүз келерин айтышкан.

Буга чейин чет элдик басылмалар Роналдинього Бразилиядан чыгууга тыюу салынганы тууралуу маалымат тараткан. Ал ушул аптанын башында криптовалюталык компанияга байланыштуу алдамчылык боюнча сотко барышы керектиги айтылган.

Футболчу Кыргызстанга кайсы өлкө аркылуу келери азырынча белгисиз.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14160