Бишкекке "Барселонанын" дагы 3 жылдызы келди
RU

Бишкекке "Барселонанын" дагы 3 жылдызы келди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Барсанын" легендарлуу оюнчулары Ривалдо, Людовик Жюли жана Хавьер Савиола бүгүн, 29-августта Кыргызстанга учуп келишти.

Алар 30-августта Бишкектеги стадиондо "Барселона" клубунун легендалары менен Борбор Азиянын футбол ардагерлеринин беттешинде оюн талаасына чыгышат. Беттешке Роналдиньо, Карлес Пуйоль, Эдгар Дэвидс, Ривалдо, Хидетоши Наката, Андрей Канчельскис жана башка футбол жылдыздары катышат.

Белгилесек, 28-августта "Барселона" футбол клубунун президенти Жоан Лапорта, футболчулар Эдгар Дэвидс, Карлес Пуйоль келишкен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14164