Садыр Жапаров "Барселона" футбол клубунун президенти менен жолугушту
RU

Садыр Жапаров "Барселона" футбол клубунун президенти менен жолугушту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаров бүгүн, 29-августта испаниялык "Барселона" футбол клубунун президенти Жоан Лапорта менен жолугушту. Бул туурасында президенттин админитсрациясынан кабарлайт.

Мамлекет башчы ардактуу мейманды жылуу тосуп алып, кылымдык клубдун Кыргызстанга келиши жалпы кыргызстандыктар үчүн чоң сыймык экенин белгиледи.

"Клуб футзал, гандбол, баскетбол, волейбол, регби, жеңил атлетика боюнча командаларды каржылап келет. Мына ушундан улам дүйнөдөгү башка клубдардан айырмаланып, "Барселона" чыныгы элдик клуб деген атка татыктуу. Мындай "элдик клуб" деген атак-даңк, албетте, сиздин өжөрлүгүңүздүн, эркиңиздин бекемдигинин, талбаган эмгегиңиздин үзүрү. Катарда өткөн Дүйнө чемпионатында сиз жетектеген клубдун 17 оюнчусу катышып, рекорд койду", - деди Садыр Жапаров.

Президент Кыргыз Республикасындагы биринчи "Барселона" академиясынын ачылышы улуттук курама команданы профессионалдуу көтөрүүгө мүмкүнчүлүктөрдү түзүп, Борбор Азияда биринчи болгондуктан ошондой эле туризмди, спортту, инвестицияны жана өлкөнүн башка тармактарын өнүктүрүүгө оң мультипликативдик таасирин тийгизерин баса белгиледи.

Өз кезегинде Жоан Лапорта "Барселона" өзүнүн принциптерин, баалуулуктарын жана спорттун ар кандай түрлөрү боюнча оюн стилин даңазалай турганын белгилеп, Садыр Жапаровго Борбор Азиядагы спорт уюмунун тажрыйбасын жайылтуу демилгесин колдогону үчүн ыраазычылык билдирди.

Жоан Лапорта "Барселонанын" Кыргызстандагы жаңы академиясы клубдун бай тарыхына негизделген спортчулардын инсандык өсүүсүнө салым кошуп, алардын дараметин толук ачууга, ошондой эле күйөрмандардын спортко болгон мамилесин жакшы жакка өзгөртө тургандыгына ишенимин билдирди.

Соңунда Садыр Жапаров Жоан Лапортага Кыргызстанда "Барселонанын" футбол академиясынын ачылышына көрсөткөн колдоосу жана ушул иш-чараларга жеке катышкандыгы үчүн дагы бир жолу ыраазычылык билдирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14165