Актан Рыскелдиев муфтият чыры боюнча: кимдин каражатына курулуп жатканын бары эле билген
RU

Актан Рыскелдиев муфтият чыры боюнча: кимдин каражатына курулуп жатканын бары эле билген

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Тамада, алып баруучу, блогер Актан Рыскелдиев Райым Матраимовдун фондунун атынан каржыланган Бишкектеги Муфтияттын ачылышына катышкандарды сынга алды.

Ал баргандан кийин актангандын кереги жок деп эсептейт.

"Мындай да. Азыр алар актанып жатышпайбы? Актана турган болсо, ошол жерге баргандан кийин ошо инсанды (Райым Матраимовду - ред. Кактус) көргөндөн кийин кетип калыш керек болчу.

Кетпей, аягына чейин жүрүп, сүрөткө түшүп анан социалдык тармактарга чыктыбы - андан кийин актанып кереги жок.

Эгер акты - ак, караны - кара десе, жакпай жаткан нерсени көрсөм мен дароо кетип калмакмын. Бирок, мен алдын ала билгем. Ошондуктан мен баш тарткам", - деди ал.

Ошондой эле Рыскелдиев алдын ала эле кимдин акчасына Муфтияттын жаңы мекемеси салынып жатканын элдин бары эле билгенин кошумчалады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14196