Актан Рыскелдиев муфтият чыры боюнча: Умрага жолдомодон баш тарттым
RU

Актан Рыскелдиев муфтият чыры боюнча: Умрага жолдомодон баш тарттым

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Буга чейин социалдык тармактарда актёр, тамада, блогер Актан Рыскелдиев менен аты-жөнү өчүрүлгөн адамдын жазышкан каты тарап кеткен.

Ал адамга Актан Рыскелдиев саясаттан алысмын деп жооп берген.

Катта Актан Рыскелдиев ага Райым Матраимовдун атынан Умрага жолдомо сунуштадып, ал баш тартканы жазылган.

Бул боюнча kaktus.kg редакциясы Рыскелдиевдин өзүнүн оюн укту.

Ал бул маалыматты ырастап, "Ооба, баш тарткам", -деп билдирди.

Эске салсак, мындан бир нече күн мурун Бишкекте Муфтияттын жаңы имараты ачылган. Аны Райым Матраимовдун фонду каржылаганы айтылып, ачылышына катышып, социалдык тармактарда Матраимов менен сүрөт, сторис, пост бөлүшкөн ырчы, блогер, таанымал адамдар коом тарабынан сынга кабылышкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14192