Өкмөт алтын медалдарды алган Тыныбекова менен Джуманазаровага сыйлык берет
RU

Өкмөт алтын медалдарды алган Тыныбекова менен Джуманазаровага сыйлык берет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өкмөт Сербияда өткөн Дүйнө кубогунан алтын медалдарды алган Кыргызстандын күрөш боюнча курама командасына колдоо көрсөтөт. Бул тууралуу парламенттин жыйынында вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева билдирди.

Вице-спикер Мирлан Бакиров Дүйнө кубогунда байгелүу орундарга ээ болгон Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Джуманазарова жана Айпери Медет кызын куттуктады.

Андан кийин өкмөткө кайрылып, спортчу кыздарга колдоо көрсөтүлөбү, деп кызыкты.

Вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева өкмөт тараптан спортчу кыздарга колдоо көрсөтүү улана турганын айтты. "Ооба, кыздарга резервдик фонддон колдоо көрсөтүлөт, эгер комитеттин депутаттары макулдугун берсе", - деп белгиледи.

Эске салсак, Сербиянын Белград шаарында өткөн Дүйнө кубогунда Кыргызстандын айымдар курама командасы үч медаль алышты (эки алтын жана бир коло). Биринчиликти Айсулуу Тыныбекова менен Мээрим Джуманазарова алса, Айпери Медет кызы коло медалды илип кетти.

Грек-рим күрөшү боюнча да кыргызстандыктар үч медаль алышкан - бир алтын жана эки коло. Жоломан Шаршенбеков кубоктун жеңүүчүсү аталса, Руслан Царев менен Калы Сулайманов коло байгелерине ээ болушту.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/141