"Барселонанын" легендаларына кыргыз чапандарын кийгизишти
RU

"Барселонанын" легендаларына кыргыз чапандарын кийгизишти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Барселона" футбол клубунун оюнчуларына жана президентине CHAPANSAR студиясынын чапандары белекке берилди.

Чапандардын бири клубдун президенти Жоан Лапортага берилген. Дал ошол чапанды Лапорта Жалал-Абаддагы академиянын ачылышында эл алдына кийип чыккан.

Дагы бир чапан легендарлуу бразилиялык футболчу Ривалдого тартууланган.

Белгилесек, буга чейин Нью-Йорктун мэри Эрик Адамс да CHAPANSAR студиясынын чапаны менен эл алдына чыккан.

Чапан президент Садыр Жапаровдун атынан берилген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14227