Нью-Йорктун мэрине кыргыз чапаны президенттин атынан берилген
RU

Нью-Йорктун мэрине кыргыз чапаны президенттин атынан берилген

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Нью-Йорктун мэри Эрик Адамс Кыргызстанда тигилген чапан менен эл алдына чыгып, талкуу болгон. Чапан президент Садыр Жапаровдун атынан берилгени CHAPANSAR студиясынын Instagram баракчасына жарыяланган.

"Чынында эле Нью-Йорк шаарынын мэри Эрик Адамстын президентибиз Садыр Жапаровдун атынан белекке берилген биздин чапаныбызды кийип чыкканына таң калып, кубандык. Ата мекендик өндүрүүчүлөрдү жана бренддерди колдоп, ишеним артып, тандоо жасагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине өзгөчө ыраазычылык билдиребиз", - деп айтылат анда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/11525