Көк бөрү оюнундагы тополоң. 65 адам кармалып, бешөө 2 айга камалды
RU

Көк бөрү оюнундагы тополоң. 65 адам кармалып, бешөө 2 айга камалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

31-августта Ош облусунда өткөн көк бөрү оюнунда коомдук тартипти бузган жана чагымчылдык аракеттерди жасаганга шектелип жалпы 65 жаран кармалды. Бул туурасында Kaktus.kg сайтына Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалым болгондой, бүгүн, 4-августка карата 65 адам кармалды. Анын ичинен 54 кишиге протокол түзүлүп, 9 жаранга "Бейбаштык" беренеси менен иш козголду.

"Ош облустук сотунда 5 жарандын баш коргоо чарасы тандалып, соттун чечими менен алар 2 айга камакка алынды. Учурда жаңжалдын башка катышуучуларын тактоо иштери улантылууда", - дешти милициядан.

*****

Эске салсак, 31-августта Ош шаарында Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгына карата президенттик көк бөрү боюнча турнир өткөн. Финалга "Достук" (Ош) жана "Ынтымак" (Талас) командалары чыгып, оюндун жыйынтыгында жеңиш "Ынтымак" командасына ыйгарылып, буга көрүүчүлөр нааразы болушкан. Нааразы болгон көрүүчүлөрдүн тобу оюн талаага чуркап чыгып, тополоң башталган.

Оюндун финалына Садыр Жапаров да күбө болгон. Кийинчерээк УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев тополоңду баштагандарды, катышкандарды аныктап, жоопкерчиликке тартуу боюнча тапшырмаларды бергенин айтты.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин облустагы координатору тополоңдо жүздөй адам жабыркаганын билдирген.

Ош облустук милициядан тополоңдун катышуучусу делинген 25 адам кармалып, суракка жеткирилгенин маалымдаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14238