Тазабек Икрамов көк бөрү боюнча облустук командаларды жоюу сунушун айтты
RU

Тазабек Икрамов көк бөрү боюнча облустук командаларды жоюу сунушун айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов көк бөрү боюнча облустук командаларды жоюп, ордуна клубдук команда түзүүну сунуштады. Эл өкүлү мындай сунушу менен Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине, "Көк бөрү" Эл аралык ассоциациясынын президенти Курманкул Зулушевге, "Көк бөрү" федерациясынын президенти Талас Бегалиевге кайрылды.

Ал белгилегендей, көк бөрү жөн гана көңүл ачуу же жигиттердин тайманбастыгын сыноо эмес, патриоттуулукка тарбиялаган, намысты бекемдеген аздек таберик.

"Ар бир нерсенин өз учуру болгондой эле акыркы окуялар көк бөрүгө башка өң, башка жүз берүү заман талабы экенин көрсөттү. 31-август Эгемендүүлүк күнү Ош областынын Төлөйкөн ат майданында болгон көк бөрүдө уюштуруучулардын калпыстыгынан аймактар аралык жик кетип калуу коркунучу туулуп, жалпы жарандарыбызды чочулоого салды. Биз бул фактыдан жыйынтык чыгарышыбыз керек.

Менин жеке сунушум - мындан ары облустук командаларды түп тамырынан жоюп, (аталыштарын сактап калууну өз эрктерине коюу менен) клубдук командаларды түзүү мезгил талабы.

Республикалык маанидеги көк бөрү оюунуна жалаң гана клубдук командалар катышып, команданын мүчөлөрү ар бир облустан болушу керек. Биз командалардын ар бир мүчөсүн региондордон тандап алып, аларды оюнга аралаштырмайынча мындай бөлүнүү коркунучу күчөй берет. Ал эми колдоочулар, күйөрмандар аймак аралык эмес, клубдар аралык болуп, жалпы күйөрмандар аралашып, чыр-чатактын чыгуусун алдын алат.

Ар бир облустан улакчыларды курамына албаган командаларды оюнга катышуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратуу зарыл.

Ошол эле учурда мындан ары көк бөрүнү эл арасына кеңири жайылтуу, жаш улакчыларды өстүрүү максатында айыл, район аралык оюндарга чек койбойлу", - деп жазды Икрамов.

*****

Эске салсак, 31-августта Ош шаарында Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгына карата президенттик көк бөрү боюнча турнир өткөн. Финалга "Достук" (Ош) жана "Ынтымак" (Талас) командалары чыгып, оюндун жыйынтыгында жеңиш "Ынтымак" командасына ыйгарылып, буга көрүүчүлөр нааразы болушкан. Нааразы болгон көрүүчүлөрдүн тобу оюн талаага чуркап чыгып, тополоң башталган.

Оюндун финалына Садыр Жапаров да күбө болгон. Кийинчерээк УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев тополоңду баштагандарды, катышкандарды аныктап, жоопкерчиликке тартуу боюнча тапшырмаларды бергенин айтты.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин облустагы координатору тополоңдо жүздөй адам жабыркаганын билдирген.

Ош облустук милициядан тополоңдун катышуучусу делинген 65 адам суралып, анын ичинен 9 жаранга "Бейбаштык" беренеси менен иш козголгонун, бешөө 2 айга камакка алынганын маалымдашты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14242