Өлкөдө дан азыктарын, тоютту сыртка ташып чыгууга жарым жылга тыюу салынды
RU

Өлкөдө дан азыктарын, тоютту сыртка ташып чыгууга жарым жылга тыюу салынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн сыртка ташып чыгууга 6 айлык мөөнөткө тыюу салынды. Бул туурасында Айыл чарба министрлигинен маалымдашты.

Маалым болгондой, Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) кирбеген өлкөлөргө чөп, саман, комбикорм, акшак, арпа, күрүч, сулуу жана тоютту экспорттоого болбойт.

Мындай чектөө реэкспортко, транзитке, ошондой эле Министрлер кабинети көрсөткөн гуманитардык жардамга жайылтылбайт.

Буга чейин министрлик дан азыктарын экспорттоого убактылуу тыюу салууну сунуштап, муну түшүмдүүлүктүн аз болгону менен түшүндүргөн. Чектөө азык-түлүк рыногундагы кырдаалды турукташтырууга жардам берет жана чарбалардын ишине жакшы таасирин тийгизет дешкен ведомстводон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/14254